1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

6

1-жарым жылдыктын жыйынтыгы!

Чет тилдер колледжинде жарым жылдык жыйынтыктын негизинде 1-2-3-курстун студенттерин сыйлоо аземи өткөрүлдү. Окуу процессинде жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн, сабактарга активдуу катышып, жоопкерчиликтуу мамиле жасаган студенттер грамота менен сыйланышты. Сыйлоо аземинде студенттердин тырышчаактыгы, билимге болгон кызыгуусу жана тартиптүүлүгү өзгөчө белгиленип, аларга жылуу каалоо-тилектер айтылды. Мындай жетишкендиктер алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө жана ийгиликтерине бекем негиз болоору баса белгиленди. Колледж жамааты студенттердин ийгиликтерине кубанып, мындан ары да билим алууда жогорку көрсөткүчтөрдү сактап, жаны максаттарды багындырарына ишеним билдирди. Бардык студенттерге окууда чон ийгиликтерди, талыкпас аракетти жана жаркын келечек каалайбыз!