1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

12

"Ооган согушу - өчпөс тарых, түбөлүк даңк"

Чет тилдер колледжинде Ооган согушунун 37 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты – мекен үчүн кызмат өтөгөн жоокерлерди эскерүү, алардын эрдигин даңазалоо жана жаш муундарга патриоттук тарбия берүү болду. Иш-чарага колледждин окутуучулары, студенттер  катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө согушта курман болгон жоокерлер бир мүнөттүк эскерүү менен эскерилип, алардын жаркын элесине арналган ырлар жана баяндамалар айтылды. Студенттер тарабынан даярдалган адабий-музыкалык программа катышуучуларга терең таасир калтырды. Алар мекенчилдик темасындагы ырларды аткарып, согуш жылдарындагы тарыхый маалыматтар менен бөлүшүштү. Жаштарга тынчтыктын баркын билүүгө жана мекенди сүйүүгө чакырык жасалып, студенттер көпөгөн пайдалуу маалыматтарга ээ болушту жана иш-чара өз максатына жетти.