1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

19

"Экстремизм жана терроризм" 

Чет тилдер колледжинде «Экстремизм жана терроризм» темасында  тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Негизги максат — жаштар арасында экстремизм жана терроризмдин коркунучу тууралуу туура түшүнүк калыптандыруу, жалган жана такталбаган маалыматтардын таасиринен сактануу, ошондой эле жарандык жоопкерчиликти күчөтүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар үчүн мазмундуу, пайдалуу жана ой жүгүртүүгө түрткү берген бир катар видеоматериалдар көрсөтүлдү. Көрсөтүлгөн материалдар экстремисттик агымдардын коомго тийгизген терс таасирин, алардын жаштарды азгыруу ыкмаларын жана коопсуздук маселелерин кеңири чагылдырды.

Иш-чаранын ардактуу коногу катары Бишкек шаарындагы Ислам академиясынын окутуучусу Каримова Гулсара Оморбековна чакырылып, экстремизм жана терроризмдин диний баалуулуктарга каршы келери тууралуу кеңири маалымат берди. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистен так жана негиздүү жоопторду алышты.

Жыйынтыгында студенттер экстремизм жана терроризм тууралуу мурдагы маалыматтары жетишсиз болгонун белгилешип, бул иш-чара алар үчүн өтө пайдалуу жана маанилүү болгонун айтышты. Ошондой эле алар мындан ары такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө, ар кандай күмөндүү чакырыктарга алданбоого жана коомдук коопсуздукту сактоого өз салымын кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындай иш-чаралар жаштардын аң-сезимин жогорулатууда жана коопсуз коом түзүүдө өзгөчө мааниге ээ.