1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

8

Эл аралык мүмкүнчүлүктөр жана студенттик ийгиликтер: ата-энелер менен жолугушуу

2026-жылдын  21-  февралында Чет тилдер колледжинде  Кытай тили жана Англис тили адистигинин студенттеринин ата-энелери менен кезектеги жыйын өткөрүлдү. Иш-чара 2025–2026-окуу жылынын планына ылайык уюштурулуп, анын жүрүшүндө студенттердин окуу жетишкендиктери, сабакка катышуу көрсөткүчтөрү, дисциплина жана билим сапатын жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Жыйында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Кытай Эл Республикасында билим алып келген студенттер — Абдумуталибов Арген жана Токтоназарова Минсулуу тууралуу маалымат берилди. Алардын эл аралык билим тажрыйбасы адистиктин өнүгүшүнө жана студенттердин тилдик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди. Ошондой эле Манас айтуу боюнча ийгилик жараткан студент Исабаева Сайкалдын жетишкендиктери жана спорт тармагында байгелүү орундарды ээлеген Султанов Бегибайдын ийгиликтери белгиленип, студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында ата-энелер менен тыгыз кызматташуу, студенттерди эл аралык экзамендерге (HSK, IELTS) даярдоону күчөтүү жана тарбиялык иштерди системалуу жүргүзүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.