1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

Чет тилдер колледжинин студенттерин окуу практикасына жайгаштыруу процесси

16.02.2026-жылы Чет тилдер колледжинин 2-курсунун «Чет тили» адистигинин студенттери окуу практикасына мектептерге жайгаштырылды. Студенттерди билим берүү мекемелерине бөлүштүрүү практика жетекчилери тарабынан жүргүзүлдү.

Окуу практикасынын жүрүшүндө студенттер тажрыйбалуу мугалимдердин сабактарына катышып, байкоо жүргүзүү аркылуу иш-тажрыйба топтошот. Практиканын негизги максаты — теориялык билимдерди бекемдөө, окутуу процессин терең түшүнүү жана кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу болуп саналат.