1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

Чет тилдер колледжинде профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Бугун Чет тилдер колледжинде студенттер арасында жаңы бангизаттарды жана жаңы психоактивдүү заттарды колдонуу фактыларын эрте аныктоо жана алдын алуу максатында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Манас ШИИБнин КККсынын ЖИИнин кызматкерлери — Мавлянкулова Гулмира, Каримжан уулу Уланыч, Абдибаит кызы Акзыйнат жана Дилдебаева Дарыя катышып, студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө адистер жаңы психоактивдүү заттардын түрлөрү, алардын адамдын ден соолугуна жана психикасына тийгизген терс таасири, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана укуктук кесепеттери тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле жаштар арасында бангизаттарга азгырган жагдайлар, социалдык тармактар аркылуу таралуу коркунучу жана мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жолдору талкууланды. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден кеңеш алышты. Иш-чара жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, сергек жашоо образын калыптандырууга жана терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталды. Колледж жетекчилиги мындан ары да укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, студенттердин коопсуздугун камсыздоо жана тарбиялык иштерди күчөтүү багытында иш-чараларды улантарын белгиледи.