1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

Чет тилдер колледжинде терроризм жана экстремизм боюнча лекция өткөрүлдү

2026- жылдын 11-февраль куну Чет тилдер колледжинде студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында терроризм жана экстремизм темасында жалпы маалымат берүүчү лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө терроризм жана экстремизм түшүнүктөрү, алардын коомго тийгизген коркунучу, жаштарды радикалдык идеяларга тартуунун жолдору жана мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу чаралары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык терроризм жана экстремизм үчүн каралган жоопкерчилик маселелери түшүндүрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди ар кандай терс агымдардан сактоо, сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана жарандык жоопкерчилигин күчөтүү болду. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден кеңири жооп алышты. Колледж жетекчилиги жаштар арасында тынчтыкты, биримдикти жана толеранттуулукту бекемдөө багытындагы иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.