1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

26

Чет триллер колледжинин 2-курсунун студенттерин окуу практикасына жөнөтүү боюнча конференциясы

12.02.2026-жылы Чет тилдер колледжинде 2-курстун студенттерин окуу практикасына жөнөтүү боюнча уюштуруу конференциясы болуп өттү.

Конференциянын негизги максаты — студенттерди алдыдагы окуу практикасына даярдоо, практиканын мазмуну, талаптары жана документтерди жүргүзүү тартиби менен тааныштыруу болду. Иш-чарага практика жетекчилери жана 2-курстун студенттери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө практика жетекчилери практиканын негизги документациялары менен кеңири тааныштырып, аларды туура жана өз убагында толтуруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Тактап айтканда, практика учурунда жүргүзүлүүчү отчет, күндөлүк, сабакка байкоо жүргүзүү баракчалары жана башка тиешелүү документтерди толтуруу эрежелери боюнча түшүндүрмө берилди. Ошондой эле студенттерге сабакка байкоо жүргүзүүнүн максаты, структурасы жана анализ жазуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу практикалык кеңештер айтылды.

Мындан сырткары, 3-курстун студенттери өздөрүнүн өндүрүштүк практика учурундагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, практика өтүүдө кездешкен кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору тууралуу айтып беришти. Алар практиканын студенттердин кесиптик калыптанышында маанилүү ролу бар экенин белгилешти.

Конференция студенттер үчүн пайдалуу жана мазмундуу өтүп, алдыдагы практика мезгилине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга багыт берди.