1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

28

"Практика боюнча негизги документациялар жана аларды толтуруу эрежелери"

11.02.2026 күнү Чет тилдер колледжинде практиканын бардык түрлөрү боюнча документацияларды туура жүргүзүү темасында мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чараны практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жалдошалиева Нурия Султановна практика жетекчилери үчүн алып барды.

Мастер-класстын жүрүшүндө практика боюнча негизги документтер, аларды толтуруунун талаптары, жол берилген кемчиликтер жана аларды алдын алуу жолдору кеңири түшүндүрүлдү. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара практика жетекчилеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана практиканы уюштуруудагы иштин сапатын арттырууга багытталды.