1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

27

“Экстремизмге жана терроризмге каршы”

2026-жылдын 10-февраль күнү Чет тилдер колледжинде, Жалпы билим берүү ПЦКна караштуу тарых окутуучулары Ч.Токтосунова., У.А. Абдрашева,      А. Жороева  КТк-4-25 тайпасына “Экстремизмге  жана терроризмге каршы”  деген темада тегерек стол өткөрүштү. Алгач ЖББ ПЦКнын тарбиялык иштер боюнча бөлүмдүн орун басары Кармышева В. эжеке каалоо тилек айтып өттү. Тарых окутуусу Ч.Токтосунова эжеке“Экстремизмге жана терроризмге каршы” деген темада маалымат айтып түшүндүрүп берди. Ктк-4-25 тайпасынын студенттери “Экстремизмдин жана терроризмдин кооптуулугу жана анын алдын алуу” боюнчаАпсаматова Балнура, Сапарова Бактыгүл, Ырысбек кызы Аяна деген кыздар  баяндама окуп презентация жасашты. Таалайбекова Чолпонай темага байланыштуу сүрөт тартып келип презентация жасады. Ушул эле тайпанын студенттери Ибраимова М, Бостонов. Н, Атакелдиев. Акыскача көрүнүш аткарышты.

Акырында суроо- жооп, талкуу жүргүзүлүп студенттердин арасында талаштан тактык жаралды, айрыкча М. Жаанбаев, Кудайбердиев, Э.Базарбаев, Ы.  Камалдинов, М. Кочкоров. М ушул талапка ылайык өз ойлорун  мыкты айтып беришти. Тегерек стол өз максатына жетти. Бизэкстремизмге жана терроризмге каршыбыз!