1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

26

Ачык сабак – жаңы окутуу ыкмаларына жол!

2026-жылдын 6-февралында кытай тилинин окутуучусу Чэнь Чунхуэй КТк-5-25 тайпасында  «Адистикке киришүү» дисциплинасы боюнча «你是否经常去图书馆? / Сиз китепканага көп барасызбы?» темасында ачык сабак өттү.

       Сабактын негизги максаты – билим алуучулардын кытай тилиндеги коммуникативдик көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, «Китепкана» темасы боюнча сөз байлыгын кеңейтүү, ошондой эле окуу жана кошумча адабияттар менен өз алдынча иштөөгө болгон кызыгуусун арттыруу болду. Ачык сабак жогорку методикалык деңгээлде өттү. Алдыга коюлган максаттар жана милдеттер толук аткарылды. Билим алуучулар активдүүлүк көрсөтүп, сабакка кызыгуу менен катышып, окуу материалын жетиштүү деңгээлде өздөштүргөндүгүн көрсөтүштү. Колдонулган окутуу формалары жана ыкмалары сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, студенттердин кытай тилин үйрөнүүгө жана китепкана ресурстары менен иштөөгө болгон мотивациясын жогорулатууга өбөлгө түздү.