1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

81

«Мен тандаган кесип»

2026-жылдын 29-январында АТБ-01-25 жана АТБ-2-24 тайпаларында «Мен тандаган кесип» аталышында куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны куратор-окутуучулар Бекназарова Б. жана Абдыканова Г. уюштурушту. Куратордук сааттын негизги максаты — студенттерде кесипти аң-сезимдүү тандоого болгон жоопкерчиликти калыптандыруу, кесипке болгон кызыгууну арттыруу жана келечектеги максаттарын тактоого жардам берүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрү тандап алган кесиптери тууралуу кеңири маалымат берип, бул кесипти тандоодогу себептерин, кесиптик кызыгууларын жана келечектеги пландарын ортого салышты. Ошондой эле «Эгер мугалим кесибин тандабаганда ким болмокмун?» деген суроого жооп берип, башка мүмкүн болгон кесиптер боюнча ой-пикирлерин билдиришти. Теманы тереңирээк ачып берүү максатында студенттер тарабынан даярдалган презентациялар жана слайддар көрсөтүлдү. Визуалдык материалдар студенттердин активдүү катышуусуна шарт түзүп, иш-чаранын мазмунун байытты. Куратордук саат ачык пикир алышуу, өз ара сый-урмат жана ынтымактуу атмосферада өттү. Студенттер өз ойлорун эркин билдирип, кесиптик өзүн-өзү аныктоого болгон кызыгуусун көрсөтүштү. Өткөрүлгөн иш-чара студенттердин инсандык өнүгүүсүнө, кесип тандоодо туура чечим кабыл алуусуна жана келечекке болгон ишенимин бекемдөөгө чоң салым кошту.