1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

89

Бангизатсыз сергек жашоо

Баңгизатка каршы  күнүнө карата Чет тилдер колледжинде КТк-6-25 тайпасына тарбиялык ачык саат болуп өтүлдү жана  студенттери арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарада студенттердин  өзүнө болгон ишенимин өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Баңгизат — адамдын ден соолугуна, психикасына жана келечегине олуттуу зыян келтирген коркунучтуу зат экендиги белгиленди. Ал көз карандылыкка алып келип, үй-бүлөнүн бузулушуна, билим алуунун жана эмгекке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө себеп болору айтылды. Баңгизатка каршы күрөшүү — ар бир жарандын милдети экендиги баса белгиленип, сергек жашоо образын тандоо, спорт, билим жана маданият менен алектенүү коомду бул коркунучтан сактай тургандыгы талкууланды. Баңгизатка «жок» деп айтуу — өз өмүрүн жана келечегин коргоо экендиги жөнүндө жыйынтык чыгарылды.