1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

71

“Биз бангизатка каршыбыз”

2026-жылдын 22-январь күнү Б. Чет тилдер колледжинин  жалпы билим берүү ПЦКнын  КТк-4-25, АТк-8-25 тайпаларында “ Биз бангизатка каршыбыз” -деген темада куратордук тарбиялык сабактар өтүлдү.

Алгач студенттерге мындай зыяндуу банги заттардын адамзат келечеги үчүн терс таасири жана кесепеттери  боюнча маалыматтар берилди. Азыркы учурда наркотикалык заттарды колдонуу кескин түрдө өсүп бара жатканын,    келечекте төрөлүүчү  балдардын биологиялык  абалы  өтө начар жана  аянычтуу абалда  болоору тууралуу коптогон пайдалуу маалыматтар айтылды.Ошондой эле  коомдун  өнүгүп өсүүсүнө мындай зыяндуу банги заттарды колдонбоого айтып өтүштү. Студенттер алган маалыматтардын негизинде топторго бөлүнүшүп,ар кандай маалыматтуу  тапшырмаларды эң жакшы презентациялашты.

Бул сабактардын негизги максаты жаштарды бангисиз активдүү жашоого тартуу, сергек жашоого үндөө, жоопкерчилик сезимин ойготуу ошондой,эле бири бирин сыйлоого тарбиялоо.