1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

24

«Студенттерди сабакка кызыктыруу ыкмалары» 

27-декабрда чет тилдер колледжинде окутуучулар Маткасымова Г. жана Алмазбекова Т. тарабынан «Студенттерди сабакка кызыктыруу ыкмалары» деген темада мастер-класс өткөрүлдү. Мастер-класстын негизги максаты — сабак процессинде кызыктуу оюндарды, интерактивдүү методдорду, видеоматериалдарды жана презентацияларды натыйжалуу  колдонуу аркылуу студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу болду. Ошондой эле студенттердин активдүүлүгүн жогорулатуу, сабакка тартуу жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап окутуу ыкмалары көрсөтүлүп, практикалык мисалдар аркылуу алардын сабакта колдонуу жолдору түшүндүрүлдү. Мастер-класска катышкан мугалимдер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, сабакты кызыктуу жана натыйжалуу уюштуруунун жолдору боюнча пикир алышышты. Иш-чара мугалимдер үчүн пайдалуу тажрыйба алмашуу аянтчасы болду.