1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

17

«Жинди суу» 

Кыргыз адабияты предметинен Р. Шүкүрбековдун «Жинди суу» термеси деген темада окутуучу Алимжанова Айганыш КТк-5-25 тайпасына ачык саат өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, ролдук аткарууларды көрсөтүштү жана проблемалык суроолордун негизинде талкуу жүргүзүшүп кызыктуу жана жандуу болду. Мындай ыкмалар сабакты мазмундуу, кызыктуу жана таасирлүү өткөрүүгө өбөлгө түздү. Сабактын негизги максаты – студенттерге Р. Шүкүрбековдун «Жинди суу» термеси боюнча кеңири маалымат берүү, чыгарманын негизги идеясы менен сатиралык тилин талдап үйрөтүү болду. Студенттер термедеги “ичкен адамдын” образын, портрети, иш-аракети жана сүйлөгөн сөзү аркылуу ачып беришти. Ошондой эле сатиралык каармандын ички дүйнөсүн жана коомдогу ордун роль ойноо аркылуу чагылдыра алышты. Мындан тышкары, чыгарманын тарбиялык мааниси аркылуу студенттер зыяндуу адаттардан (ичкилик, адепсиздик) алыс болууга, сергек жашоого жана адеп-ахлактуулукка тарбияланышты.