1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

18

Педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

2025–2026 окуу жылынын 25-декабрында Чет тилдер колледжинде педагогикалык практиканын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү.Конференцияга колледждин администрациясы, практика жетекчилери жана педагогикалык практиканы билим берүү мекемелеринде өтөп келген студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика мезгилинде аткарылган иштер боюнча отчетторун презентациялар аркылуу коргоп, сабак өтүүдөгү ыкмалары, тарбиялык иш-чаралары жана алган кесиптик тажрыйбалары тууралуу баяндап беришти. Мындан тышкары, практика жетекчилери студенттердин педагогикалык ишмердүүлүгүнө SWOT-анализ жүргүзүп, практиканын күчтүү жактарын, алсыз тараптарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана коркунучтарын талдап чыгышты. Анализдин жыйынтыгында студенттердин кесиптик компетенцияларын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлер берилди. Конференциянын соңунда активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдирилип, иш-чара жыйынтыкталды.