1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

27

«Кыргызстан Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде (1941–1945-жж.)» 

Чет тилдер колледжинде окутуучу Токтосунова Ч. Т. тарабынан Кыргызстан тарыхы дисциплинасы боюнча ачык саат өткөрүлдү. Сабактын темасы «Кыргызстан Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде (1941–1945-жж.)» болду. Ачык сааттын негизги максаты – студенттерге Улуу Ата-Мекендик согуштун башталыш себептерин түшүндүрүү менен бирге, жаш муундун мекенчилдик сезимин калыптандыруу, Ата Мекенди сүйүүгө жана коргоого тарбиялоо болду. Сабактын жүрүшүндө студенттер Улуу Ата-Мекендик согуштун башталыш себептери менен таанышышты. Айрыкча согуш жылдарында Кыргызстандык жоокерлер фронтто жана тылда көрсөткөн теңдешсиз эрдиктерге өзгөчө көңүл бурулду. Алардын кайраттуулугу, туруктуулугу жана Ата Мекен үчүн жан аябаган эмгеги бүгүнкү муун үчүн чыныгы өрнөк экени баса белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандык жоокерлердин Жеңишке кошкон зор салымы талкууланып, алардын ысымдары тарыхта түбөлүккө сакталып калаары айтылды. Улуу Ата-Мекендик согуштун аякташы жана Жеңиш күнүнүн мааниси патриоттук тарбиянын маанилүү булагы катары мүнөздөлдү. Ачык саат интерактивдүү форматта өтүп, студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырды. Сабак жаш муунду патриоттуулукка, тарыхый эс тутумду сактоого, ата-бабалардын эрдигин даңазалоого жана Мекенге болгон сый-урматты бекемдөөгө багытталды. Сабак мыкты жана аябай кызыктуу болду, студенттер активдүү катышып, талкууларга катышуу аркылуу өз билимин арттыра алышты.