1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

37

Дуалдык окутуу - бул мыкты келечек ээси.

Чет-тилдер колледжинде  графикке ылайык кесиптик-профилдик практикада жүргөн практиканттарга "Дуалдык окутуу - бул мыкты келечек ээси"деген темада студенттер менен жолугушуу болду. Бул иш-чарага ЖАМУнун инновациялык мектебинде педагогикалык  практикасын  өтөп жаткан  студенттер катышышты. Гулбарчин Маткасымова иш-чаранын  катышуучуларына бүгүнкү күндө билим берүү тармагында дуалдык окутуу өзгөчө мааниге ээ болуп, адистерди сапаттуу даярдоонун негизги багыттарынын бири болуп саналарын айтты. Ошондой эле ушул максатта чет-тилдер колледжинде  да активдүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренсине ылайык дуалдык окууну уюштуруунун алкагында бүтүрүүчү 3-курстун студенттерин 2025-2026-окуу жылынын аягына чейин мектептерде  жардамчы мугалим жана мугалим катарында сабактан бош мезгилде (зарыл болгон учурда өз эрки менен) иштөөгө жөнөтүүгө жана окутуучуларды насаатчы катары бекитип берүү боюнча мектеп жетекчилерине жана практиканттарга маалымат берди. Окуу жайдын АТб-2-23 тайпасынын студенти Жантөрөева Элмира дуалдык окутуу боюнча жеткиликтүү маалымат алгандыгын жана практика учурунда чон жардам бергенин баса белгилеп өттү, ошондой эле дуалдык окутуу кызматташтык жана тажрыйба алмашууга, окутуунун сапатын жогорулатууга, келечектеги адистерди кесиптик жактан мыкты даярдоого өбөлгө түзөрүн айтты.Иш-чарада  практиканттар тарабынан суроо,  жооп, талкуу ой-пикирлер айтылып иш-чара өз максатына жетти.