1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

36

Дуалдык окутуу программасы

АТБ-2-23 тайпасынын студенти Айдай Матисманова дуалдык окутуу программасынын алкагында теориялык билимин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырып иш алып барууда. Дуалдык окутуу процессинде студент сабактарды пландаштыруу, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана окуучулар менен натыйжалуу иштөө боюнча практикалык тажрыйбага ээ болууда. Практика жетекчиси — Бакирова Аида, ал студентке методикалык колдоо көрсөтүп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Дуалдык окутуу программасы студенттин кесиптик компетенциясын жогорулатып, келечектеги адистик ишмердүүлүгүнө бекем негиз түзөт.