1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

36

«Holidays in the United States»

13-декабрда англис тили мугалими Момунова Чынара «Holidays in the United States» темасында ачык сабак өткөрүп, ал окуучулардын коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, лексикалык-грамматикалык билимин өркүндөтүүгө жана англис тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Сабакта заманбап окутуу ыкмалары, интерактивдүү тапшырмалар жана практикалык багыттагы машыгуулар колдонулду. Окуучулар талкууларга активдүү катышып, англис тилин реалдуу кырдаалдарда колдонушту, АКШнын майрамдары жана салттары боюнча маалыматтарды талдап, коммуникативдик тапшырмаларды биргелешип аткарышты. Өзгөчө оозеки сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, сөз байлыгын кеңейтүүгө жана грамматикалык түзүлүштөрдү туура колдонууга бурулду. Бул ачык сабак англис тилин үйрөнүүгө болгон мотивацияны жогорулатып, студенттердин тилди күнүмдүк жана кесиптик чөйрөдө колдонуудагы ишенимин бекемдеди.