1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

31

«Эмоция жана сезимдер»

13-декабрда психология мугалими Арзыбаева Манзура «Эмоция жана сезимдер» темасында сабак өткөрдү. Сабакта эмоциялардын түшүнүгү, түрлөрү жана адамдын жашоосундагы ролу, ошондой эле педагогдун кесиптик ишмердүүлүгүндө эмоционалдык интеллекттин мааниси талкууланды. Окуучулар интерактивдүү көнүгүүлөргө катышып, реалдуу жашоодогу кырдаалдарды талдап, эмоциялык реакциялар жана аларды жөнгө салуунун жолдорун талкуулашты. Өзгөчө көңүл класста эмоция менен иштөө методдоруна, психологикалык жактан ыңгайлуу чөйрө түзүүгө жана ар кандай типтеги окуучулар менен өз ара аракеттешүүгө бурулду. Сабак эмоционалдык компетенттүүлүктү жана билим берүү процессиндеги психологиялык аспектилерди түшүнүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.