1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

26

«Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгү» 

13-декабрда педагогика мугалими Эргешбаева Акмарал «Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгү» темасында сабак өткөрдү. Сабакта билим берүү процессин башкаруунун негизги маселелери, жетекчинин ролу жана команда менен иштөөнүн заманбап ыкмалары каралды. Мугалим практикалык кейстерди, топтук талкууларды жана интерактивдүү тапшырмаларды колдонуп, катышуучуларга жетекчилик жана чечим кабыл алуу көндүмдөрүн практикада иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Сабакта окуу процессин уюштуруу, мотивациялоо, ата-энелер жана мектеп администрациясы менен өз ара аракеттешүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Сабак мугалимдердин тажрыйбасын алмашууга жана башкаруу компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.