1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

32

«Класс жетекчинин ишмердүүлүгү»

13-декабрда педагогика мугалими Баатыр кызы Гулзина «Класс жетекчинин ишмердүүлүгү» темасында сабак өткөрдү. Сабакта класс жетекчинин негизги функциялары жана милдеттери, классты башкаруунун заманбап ыкмалары жана окуучулар менен эффективдүү иштөө стратегиялары кенен каралды. Окуучулар интерактивдүү тапшырмаларга катышып, практикалык педагогикалык кырдаалдарды талдап, билим берүү чөйрөсүндө пайда болгон маселелерди чечүүнүн оптималдуу жолдорун талкуулашты. Өзгөчө көңүл классты пландоо көндүмдөрүн түзүүгө, класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга жана ата-энелер менен өз ара аракеттешүүгө бөлүндү. Сабак мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, практикалык билимдерин кеңейтүүгө жана педагогикалык тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.