1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

123

Дуалдык окутуу алкагындагы насаатчы менен студенттин ишмердүүлүгү

Дуалдык окутуу программасынын негизинде насаатчы Ташматова Назира менен студент Нишанова Мухсина тыгыз кызматташтыкта иш алып барышууда. Студент Нишанова Мухсина 5-класста англис тили сабагынан “Present Continuous” темасында ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрү эске алынып, интерактивдүү ыкмалар, суроо-жооп, мисалдар жана практикалык тапшырмалар колдонулду. Окуучулар темага активдүү катышып, азыркы учурду билдирген сүйлөмдөрдү түзүүдө өз билимдерин көрсөтө алышты. Насаатчы Ташматова Назира сабакка катышып, студентке методикалык жардам көрсөттү. Сабактын түзүлүшү, максат коюу, убакытты туура пайдалануу жана окуучулардын активдүүлүгүн арттыруу боюнча сунуштарын берип, кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул ишмердүүлүк студенттин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө, теориялык билимди практикада колдонууга жана келечектеги мугалим катары калыптанышына чоң салым кошот.