1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

32

Дуалдык окутуу боюнча насаатчы менен студенттин иш аракеттери

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун инновациялык мектебинде 2-а класстын окуучулары үчүн англис тили сабагы өткөрүлдү. Сабактын темасы “Commands” (Буйрук формалар) болду. Сабак дуалдык окутуу программасынын алкагында уюштурулуп, теория менен практиканы айкалыштырган форматта жүргүзүлдү. Сабакты дуалдык окутуу боюнча насаатчы Абдыканова Гульжан жетектеп, сабакты даярдоодо жана өткөрүүдө студент Осмонова Кумушайга кеңири методикалык жардам көрсөтүлдү. Атап айтканда, сабактын максаттарын так коюу, окуу материалдарын окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык тандоо, интерактивдүү ыкмаларды колдонуу, оюн элементтерин киргизүү жана убакытты туура бөлүштүрүү боюнча багыт-кеңештер берилди. Ошондой эле окуучулардын активдүүлүгүн арттыруу, буйрук формаларды туура айтууга жана колдонууга багытталган практикалык тапшырмаларды уюштуруу боюнча методикалык колдоо көрсөтүлдү. Методикалык жардам сабактын бардык этаптарында жүргүзүлүп, студенттин педагогикалык тажрыйбасын жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө шарт түздү. Сабак жандуу жана кызыктуу өтүп, окуучулар англис тилиндеги негизги буйрук сөздөрдү ийгиликтүү өздөштүрүштү. Мындай сабактар дуалдык окутуунун сапатын жогорулатууга жана окуучулардын билим деңгээлин арттырууга өбөлгө түзөт. Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун инновациялык мектебинде 2-а класстын окуучулары үчүн англис тили сабагы өткөрүлдү. Сабактын темасы “Commands” (Буйрук формалар) болду. Сабак дуалдык окутуу программасынын алкагында уюштурулуп, теория менен практиканы айкалыштырган форматта жүргүзүлдү. Сабакты дуалдык окутуу боюнча насаатчы Абдыканова Гульжан жетектеп, сабакты даярдоодо жана өткөрүүдө студент Осмонова Кумушайга кеңири методикалык жардам көрсөтүлдү. Атап айтканда, сабактын максаттарын так коюу, окуу материалдарын окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык тандоо, интерактивдүү ыкмаларды колдонуу, оюн элементтерин киргизүү жана убакытты туура бөлүштүрүү боюнча багыт-кеңештер берилди. Ошондой эле окуучулардын активдүүлүгүн арттыруу, буйрук формаларды туура айтууга жана колдонууга багытталган практикалык тапшырмаларды уюштуруу боюнча методикалык колдоо көрсөтүлдү. Методикалык жардам сабактын бардык этаптарында жүргүзүлүп, студенттин педагогикалык тажрыйбасын жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө шарт түздү. Сабак жандуу жана кызыктуу өтүп, окуучулар англис тилиндеги негизги буйрук сөздөрдү ийгиликтүү өздөштүрүштү. Мындай сабактар дуалдык окутуунун сапатын жогорулатууга жана окуучулардын билим деңгээлин арттырууга өбөлгө түзөт.