1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

«Кыргыз жараны» 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруунун алкагында чет тилдер колледжинде КАТк-4-24 жана АТк-2-24 тайпаларынын катышуусунда мазмундуу тренинг өткөрүлдү. Иш-чараны окутуучулар Абдрашева У. А. жана Жороева А. А. өткөрүп, катышуучулардын активдүү катышуусуна шарт түзгөн достук жана өз ара сый-урматка негизделген чөйрө түзүлдү. Тренингдин негизги максаты — студенттерде «кыргыз жараны» түшүнүгүнүн маңызын ачып берүү, жарандык иденттүүлүк, этностук көп түрдүүлүк шартында толеранттуулукка жана өз ара урматтоого негизделген мамилени калыптандыруу болду. Ошондой эле жаштардын коомдогу ордун аңдоосуна, жарандык жоопкерчиликке жана жалпы жарандык биримдикке болгон көз карашын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чара интерактивдүү талкууларды, практикалык тапшырмаларды жана топтук көнүгүүлөрдү камтып, катышуучулар реалдуу жашоодон алынган мисалдардын негизинде иденттүүлүк, биримдик жана этностор аралык толеранттуу мамиле тууралуу ой жүгүртүштү. Студенттер өз пикирлерин ачык билдирип, замандын талабына ылайык активдүү жана жоопкерчиликтүү жаран болуунун маанисин талкуулашты. Тренингдин жүрүшүндө «Кыргыз жараны» концепциясынын жаштар менен тыгыз байланышы баса белгиленип, ар бир жаран өзүнүн жүрүм-туруму, баалуулуктары жана жарандык позициясы аркылуу өлкөдөгү этностор аралык ынтымакты жана социалдык биримдикти бекемдөөгө салым кошо алары түшүндүрүлдү. Жыйынтыгында тренинг студенттерде кыргыз жарандык иденттүүлүгүнө таандыктык сезимин тереңдетип, этностук ар түрдүүлүккө сый мамиле кылууну бекемдеп, коомдук жашоого активдүү катышууга кызыгуусун арттырды.