1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

“Word Stress” 

2025-жылдын 12- декабрында Чет тилдер колледжинде 2-курстун студенттери үчүн теориялык фонетика сабагынан “Word Stress” темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабакты англис тили мугалими Абдыканова Г. өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер англис тилиндеги сөз басымынын (stress) табияты, басымдын функциялары, басымдын түрлөрү, анын лексикалык жана фонетикалык маанилерге тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат алышты. Окутуучу теориялык түшүндүрмөлөрдү практикалык мисалдар менен айкалыштырып, студенттерге сөздөрдү туура айтуудагы интонациянын ролун терең түшүндүрдү. Интерактивдүү иштер, топтук тапшырмалар, мисалдарды угуп — туура басым коюу, ошондой эле мини-тест аркылуу студенттер билимин бекемдеп, өз ара талкууларды жүргүзүштү. Сабак жаңыртылган окутуу технологиялары жана визуалдык материалдар менен коштолуп, студенттердин кызыгуусун арттырды. Ачык сабакка колледждин окутуучулары катышып, мугалимдин методикалык чеберчилигин, сабактын уюштурулушун жана студенттердин активдүү катышуусун жогорудан баалашты. Иш-чара студенттердин фонетикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, англис тилинде туура сүйлөө маданиятын калыптандырууга чоң салым кошту.