1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

ДУАЛДЫК ОКУТУУ БОЮНЧА НАСААТЧЫЛЫК ИШИ

Чет тилдер колледжинин Чет тилдер ПЦКсынын практика жетекчиси Сыдыкова Жумагүл Сапаралиевна дуалдык окутууну ишке ашыруу максатында ЖАМУнун Инновациялык мектебине барып, практикант Кочорова Камила өткөргөн сабакка катышып, насаатчылык ишин жүргүзүп келди. Практикант Кочорова Камила 3-“А” класска “Are you Mal the Mouse?” темасында сабак өтүп, теориялык билимин практикада колдонуп, окуучулар менен интерактивдүү ыкмалар аркылуу иш алып барды. Сабак учурунда окуучулар жаңы сөздөрдү үйрөнүп, суроо-жооп көндүмдөрүн активдештиришти. Сабактын кызыктуу бөлүктөрүнүн бири — рольдук оюн тапшырмалары болду. Окуучулар каармандардын ролуна кирип, кыска диалогдорду аткарып, англис тилинде өз оюн айтууга аракеттеништи. Бул ыкма алардын сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана сабакка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү. Практика жетекчиси Сыдыкова Жумагүл Сапаралиевна сабактын жүрүшүн көзөмөлдөп, практиканттын ишин баалап, сабакты уюштуруу, материалды жеткирүү жана окуучуларды активдүү окутууга тартуу боюнча методикалык кеңештерин берди. Бул дуалдык окутуу тажрыйбасы практикантка сабак өтүүнүн методикасын өздөштүрүүгө, теорияны практика менен айкалыштырууга жана реалдуу окутуу чөйрөсүндө иш алып барууга болгон даярдыгын жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк берди.