1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

25

«Кыргыз жараны» 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз жараны» деген жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында чет тилдер колледжинде АТк-7-24 группа студенттеринин катышуусунда мазмундуу жана маалыматтык тренинг өткөрүлдү. Сабакты окутуучу Токтосунова Чурок Турдалиевна өткөрүп, ар бир студентини активдүү катышуусуна шарт түзгөн достук жана жылуу чөйрөнү уюштурду.Тренинг интерактивдүү талкууларды, практикалык тапшырмаларды жана топтук көнүгүүлөрдү камтыды. Анын максаты — студенттерде ой жүгүртүү аркылуу жарандык позицияны калыптандыруу, толеранттуулуктун жана маданий-этникалык көп түрдүүлүкктү  урматтоонун маанисин түшүндүрүү, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнө жоопкерчилик жана биримдик сезимин бекемдөө болду. Студенттер реалдуу жашоодон мисалдарды талдап, өз ой-пикирлерин бөлүшүп, замандын талабына ылайык активдүү жана жоопкерчиликтүү жаран болуунун жолдорун талкуулашты. Тренингде «Кыргыз жараны» концепциясынын жаштар жана студенттер менен байланышына өзгөчө көңүл бөлүндү: катышуучулар өз аракеттери, баалуулуктары жана демилгелеринин өлкөдөгү улуттар аралык макулдашуу жана социалдык биримдикти бекемдөөгө тийгизген таасирин түшүндү. Тренинг ийгиликтүү өтүп, студенттерде жарандык иденттүүлүктү маанисин терең түшүнүүгө өбөлгө түзүп, коомдук жашоого активдүү катышууга жана замандын талабына ылайык жеке сапаттарын өнүктүрүүгө кызыгууну арттырды.