1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

Ачык саат: «Сложноподчинённое предложение» 

Бул жумадагы ачык сааттардын катарында чет тилдер колледжинде орус тили жана адабияты боюнча окутуучу Талипова Динара Салимовна, «Сложноподчинённое предложение» темасында кезектеги ачык сабагын өткөрдү. Сабак өзгөчө форматта өтүп, окутуучу аны накыл кептен баштап, накыл кеп менен жыйынтыктады. Бул ыкма студенттерге күчтүү мотивация берип, сабактын тарбиялык маанисин андан ары тереңдетти. Ачык сабактын негизги максаты — студенттерге татаал багынуучу сүйлөмдөрдүн түзүлүшүн, түрлөрүн жана аларды тил практикасына колдонуу жолдорун үйрөтүү болду. Студенттер бул теманы өздөрүнүн адистиги менен байланыштырып, татаал багынма сүйлөмдөрдүн англис тилиндеги эквиваленттерин да салыштырып, туура которуу көндүмдөрүн бекемдеп алышты. Бул алардын тилдерди салыштырып ой жүгүртүү жана котормо компетенцияларын өнүктүрүүгө күчтүү өбөлгө түздү. Сабак интерактивдүү усулдар менен өтүп, студенттер топтордо иштеп, мисалдарды талдап, практикалык тапшырмаларды аткарышты. Окутуучу сабакты жогорку методикалык деңгээлде уюштуруп, студенттердин кызыгуусун жана активдүүлүгүн арттырууга жетишти. Ачык сааттар ийгиликтүү уланууда!