1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

“Окуучулар менен ‘English Quiz’, ‘Spelling Bee’ жана ‘My Dream Country’ сыяктуу адабий кечелер жана иш-чараларды өткөрүү, окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу”

Чет тилдер колледжинин Чет тилдер ПЦКсынын англис тили адистигинин педагогикалык практикада 3-курс студенттеринин тайпаларына кезектеги базадагы иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын темасы: “Окуучулар менен ‘English Quiz’, ‘Spelling Bee’ жана ‘My Dream Country’ сыяктуу адабий кечелер жана иш-чараларды өткөрүү, окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу” болду. Иш-чаранын жүрүшүндө практиканттар менен бирге окуучулар командалык жана жеке тапшырмаларга катышып, англис тилинде сөздөрдү туура жазуу, оозеки сүйлөө, логикалык ой жүгүртүү жана чыгармачыл иш-аракеттерди көрсөтүштү. Мындан тышкары, артикуляциялык көнүгүүлөр, туура дикция жана үн тонун коюу боюнча тапшырмалар иштетилди. Бул көнүгүүлөр окуучуларга англис тилинде так жана түшүнүктүү сүйлөөгө жардам берди. Иш-чарага мектептердеги практика жетекчилери да катышып, практиканттар менен окуучулардын ишине көз салуу жана методикалык колдоо көрсөтүштү.

Иш-чараны өткөргөн практика жетекчилер :

Сыдыкова Жумагүл Сапаралиевна

Момунова Чынара Шукуралиевна

Иш-чара #14 С. Давлетов атындагы билим берүү мектебинде өткөрүлдү жана жогорку деңгээлде уюштурулуп, практиканттардын   активдүүлүгү жогору бааланды.