1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Адам мүнөзүнүн түрлөрү

Бүгүн Чет тилдер колледжинде окутуучу Кадыралиева Гүлмира тарабынан "Мүнөз" деген тема боюнча ачык саат ийгиликтүү өткөрүлдү. Ачык сааттын негизги максаты студенттерге адам мүнөзүнүн түрлөрү, анын калыптанышы жана күнүмдүк жашоодогу мааниси тууралуу түшүнүк берүү, ошондой эле өз ара баарлашууда маданияттуу мамилени калыптандыруу болду. Сабактын жүрүшүндө студенттерге интерактивдүү тапшырмалар, суроо-жооп бөлүктөрү жана топтук талкуулар сунушталды. Ар бир студент өз ойлорун ортого салып, мүнөздүн кандай сапаттар адамды ийгиликке жетелээрин жана терс сапаттарды кантип жеңүүгө болорун талкуулашты. Кадыралиева Гүлмира сабакты жогорку методикалык деңгээлде алып барып, студенттердин активдүүлүгүн жогорулата алды. Студенттер бул ачык саат алардын ой жүгүртүүсүн кеңейтип, өзүн-өзү таануу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошконун белгилешти. Ачык саат мазмундуу, кызыктуу жана тарбиялык мааниси жогору деңгээлде өттү!