1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

«Чыңгыз Айтматов жана заман руху»

Чет тилдер колледжинде улуу жазуучу, ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасына арналган «Чыңгыз Айтматов жана заман руху» аттуу кеңири форматтагы илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага колледждин окутуучулары, студенттери жана коноктору катышып, жазуучунун адамзатка калтырган руханий байлыгы ар тараптуу талкууланды. Конференциянын максаты — Айтматовдун чыгармаларында көтөрүлгөн философиялык ойлорду, коомдук-этикалык баалуулуктарды, адам тагдырына байланышкан проблемаларды жана бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун илимий негизде талдоо, жаш муундардын дүйнө и аанымына таасир берүү, руханий маданиятты өнүктүрүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттар боюнча баяндамалар жана талкуулар өткөрүлдү: Философиялык жана гуманисттик көз караштары: Айтматовдун чыгармаларындагы адам тагдыры, нравалык тандоо, дүйнөнү түшүнүү сыяктуу маселелер талданып, студенттер тарабынан ой жүгүртүүлөр сунушталды. Манкуртизм түшүнүгүнүн бүгүнкү маани-жүгү: «Манкурт» образы аркылуу аң-сезимдин жоголушу, руханий боштук жана улуттук иденттүүлүктү сактоо маселелери азыркы коомдук кырдаал менен байланыштырылды. Экология жана табият темасы: Жазуучунун айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө ойлору, адам менен табияттын байланышы жана глобалдык экологиялык көйгөйлөрдүн алдын ала айтканы тууралуу талкууланды. Айтматовдун чыгармачылыгынын дүйнөлүк таасири: Улуттук адабиятты дүйнөлүк маданиятка алып чыккан жазуучунун эл аралык аброю жана дүйнө адабиятындагы орду жөнүндө өзгөчө көңүл бурулду. Конференциянын көркөм бөлүгүндө студенттер «Манкурт» көрүнүшүнөн драмалык үзүндү аткарып, монологдорду чеберчилик менен айтышты. Алардын аткаруусун көрүүчүлөр жылуу кабыл алып, Айтматовдун чыгармаларындагы трагизм, терең психологиялык образдар жана руханий мурастын мааниси дагы бир жолу ачылды. Иш-чараны уюштурууда чоң салым кошкон окутуучулар:

Сабирбекова Б., Алмазбекова Т., Абдыканова Г., Калмаматова С., МомуноваЧ. 

Конференциянын соңунда активдүү катышкан студенттерге грамоталар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылып, алардын чыгармачылык издөөчүлүгүнө дем берилиди.