1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

25

Чет тилдер колледжинин студенттеринин практикадагы ишмердүүлүгү

Чет тилдер колледжинин студенттери педагогикалык практика алкагында билим берүү мекемелеринде теориялык билимин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырып, кесиптик тажрыйбасын тереңдетүүдө. Практика учурунда студенттер сабактарды пландаштыруу, окутуунун заманбап методдорун колдонуу жана окуучулар менен түз иш алып баруу сыяктуу негизги багыттар боюнча иш алып баруу менен бирген жогорку кесиптик даярдык менен ачык сааттарды өтүшүүдө. Сабакта окуучулар менен интерактивдүү оюндар, диалогдор жана тилдик көндүмдөрдү өнүктүрүүчү иш-чаралар колдонулду. Студенттер сабакты пландап, методикалык материалдарды даярдап, мугалимдин жетекчилиги астында практикалык тажрыйба топтоду. Ачык сабак студенттерге педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүүгө жана келечектеги кесибине ишеним алууга мүмкүнчүлүк берди.