1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Чет тилдер колледжинин дуалдык окутуу тажрыйбасы

Дуалдык окутуу программасынын алкагында Чет тилдер колледжинин окутуучулары Батыралиева Б.Д, Бекназарова Б.И жана Гао Шуанин КАТК 2-23 жана АТБ 2-23 тайпаларынын студенттери менен системалуу түрдө иш алып барышты.Окутуучулар студенттерге теориялык билимди практикалык аракет менен айкалыштыруу боюнча кеңештерди берип, ар бир практика күнүн пландаштырып, алардын кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөштү. Студенттер практика өтүп жаткан билим берүү мекемелеринде сабакка катышып, устат-мугалимдер менен бирге сабактарды пландаштыруу, өткөрүү жана талдоо иштерине активдүү катышты. Дуалдык окутуунун мындай форматы студенттердин жоопкерчилигин, өз алдынчалыгын жана кесипке даярдыгын жогорулатты.