1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

«Чет тилдер колледжинде табигый илимдер жумалыгы башталды»

Чет тилдер колледжинде табигый илимдер жумалыгынын алгачкы күнү мазмундуу иш-чара менен ачылды. Жумалыктын башында студенттер табигый илимдердин максаты, жаратылыштагы кубулуштарды илимий негизде түшүндүрүүдөгү кызматы, экологиялык маданиятты калыптандыруудагы ролу жана жаратылышты коргоого кошкон салымы боюнча кеңири түшүнүк алышты. Табигый илимдердин мааниси тууралуу берилген материал студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамиленин калыптанышына өбөлгө түздү. Андан соң күндүн иш-планына ылайык көчөт жана декоративдүү гүлдөрдү туура отургузуу боюнча практикалык иштер жүргүзүлдү. Студенттер өсүмдүктөрдү отургузуунун ыкмаларын, аларга кам көрүү өзгөчөлүктөрүн жана жашылдандыруунун экологиялык маанисин үйрөнүштү. Практикалык бөлүк жаштардын табигый илимдерге болгон кызыгуусун арттырып, жаратылыш менен иштөө көндүмдөрүн бекемдеди. Мындан тышкары витаминге бай мөмө-жемиштер боюнча таанып-билүүчү көргөзмө уюштурулуп, анда студенттер ар бир жемиштин пайдалуулугу, организмге тийгизген таасири жана туура тамактануу маданияты боюнча маалымат айтышты. Бул бөлүк ден соолукту чыңдоого багытталган билимди кеңейтип, студенттердин күнүмдүк жашоосуна практикалык мааниге ээ болду. Жумалыктын алкагындагы мындай иш-чаралар студенттердин теориялык билимин гана бекемдеп тим болбостон, аларды айлана-чөйрөгө кам көрүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого жана коомдук жоопкерчиликти сезүүгө үйрөтөт. Табигый илимдер багытындагы практикалык иштер жаш муундардын экологиялык аң-сезимин жогорулатып, келечекте жаратылышты коргоого багытталган иш-аракеттерге дем берет. Иш-чараны окутуучулар: Жолдошева Айида жана Сыргабек кызы Мээрим уюштуруп, жогорку деңгээлде өткөрүштү.