1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

ЧЕТ-ТИЛДЕР КОЛЛЕДЖИ СПИДКЕ КАРШЫ.

Бүткүл дүйнолүк спидке каршы күрөшүү күнү ар жыл сайын 1-декабрда белгиленет. Чет-тилдер жана ЖББ пцкасындагы ар бир тайпада кураторлук сааттар уюштурулду. Тарых мугалими Токтосунова Чурөк КТк-4-25тайпасында, англис тили мугалими Абдусаматова Алина АТк-9-24 тайпасында ачык, көргөзмөлүү куратордук сааттарды өтүштү. Куратордук саатта мугалимдер студенттерге спид оорусу боюнча жеткиликтүү маалыматтарды беришип, спид боюнча тушундурмөлөр жазылган таркатма материалдарды таркатышты, спид боюнча сүрөттүү плакаттар тартылып, класстерлер түзүлдү. Көптөгөн пайдалуу маалыматтарды берүү менен бирге, мугалимдер студенттер арасында маанилүү жана пайдалуу талкуу жарата алышты. Студенттер спид оорусун алдын алуу жана сактануу жолдору жөнүндө билишип, бул оорудан сак болууга жана ар бири өз ден соолугуна кайдыгер карабастан, ар бир алты ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турууга убада беришти. Куратордук саат өз максатына жетти.