1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Айтматов жана Кыргыз киносу.

Чет-тилдер колледжинде Манас жана Айтматов жумалыгы  ийгиликтүү, бир катар иш-чаралар  өткөрүлдү. Студенттер Айтматов ааламына кенири сүңгүп киришип, көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алышты. Манас жана Айтматов жумалыгындагы  бекитилген иш-чаралардын бул студенттерге фильм көрсөтүү жана талкуулоо болгон. Кыргыз киносуна  опол тоодой салым кошкон Айтматовдун дээрлик баардык чыгармаларына кино тартылып, эл купулуна толуп, канча жылдардан бери экран бетинен түшпөй көрсөтүлүп келет. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган ар бир кинонун тарбиялык мааниси өтө чон. Кыргыз-тили жана кыргыз-адабияты мугалимдери  Алимжан кызы Айганыш КТк-3-25 тайпасына “Жамийла”, АТк-5-25 тайпасына “Саманчынын жолу”, Жапарова Жылдызкан АТк-3-25 тайпасына “Ак кеме”, АТк-4-25 тайпасына “Махабат дастаны” кино тасмаларын чон экран аркылуу көрсөтүшүп, талкуулашты. Талкууда студенттер чыгарманын оң жана терс каармандарына мүнөздөмө беришип, оң каармандардын жакшы сапаттарын алууга, ал эми терс каармандардын жаман  сапаттарынан оолак болууга чакырышып, студенттердин ортосунда кызуу талкуу жаралды. Ошондой эле кино көргөндөн кийин студенттерл коомдун пайдалуу инсандары болууга жана Айтматов атабыздай алп инсандарды түбөлүккө эстеп жүрүүгө  убада  беришти