1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Чет тилдер колледжинин   ЖББ ПЦКсында ачык сааттар ийгиликтүү уланууда

Чет тилдер колледжинин   ЖББ ПЦКсында ачык сааттар ийгиликтүү уланууда. Бул иш-чаралар окутуучулардын методикалык чеберчилигин жогорулатып, студенттердин предметтик жана негизги компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Бул жуманын алкагында төмөнкү темалар боюнча ачык сааттар өтүлдү:

Ташболотов Ж. – “Логарифмалык теңдемелер жана барабарсыздыктар” Математикалык логиканын жана анализдин негизги түшүнүктөрү түшүндүрүлүп, студенттер мисалдар аркылуу практикалык көндүмдөрүн чыңдашты. Кыралиева Г. – “Комбинаториканын негизги элементтери” Комбинаториканын негизги ыкмалары реалдуу мисалдар, логикалык тапшырмалар жана практикалык моделдер менен айкалыштырылып, студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсү өстү. Бакирова Э. – “Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги жоболору. Атом. Молекула. Авогадро саны” Сабак кызыктуу эксперименттер, визуалдуу материалдар жана илимий моделдер менен коштолуп, студенттер физикалык кубулуштарды терең түшүнүүгө жетишишти.  Абдыкаар кызы Н. – «Возникновение теории вероятностей» Преподаватель раскрыла исторические этапы развития теории вероятностей, привела яркие примеры применения вероятностных методов, что способствовало формированию логического и статистического мышления студентов. Ачык сааттар жогорку деңгээлде уюштурулуп, ар бир окутуучу предметтин мазмунун заманбап усулдар менен ачып берди. Студенттер өздөрүнүн предметтик компетенттүүлүктөрүн (эсептөө, анализдөө, моделдөө), коммуникативдик жана критикалык ой жүгүртүү компетенцияларын өнүктүрүп, теорияны практика менен айкалыштырып иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. ЖББ ПЦКсынын мындай иш-чаралары окутуунун сапатын арттырууга, методикалык тажрыйбаны байытуу менен бирге студенттердин келечектеги кесиптик квалификациясын чыңдоого өбөлгө түзүп келет.