1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

“Дени сак студент-дени сак улут”

КРнын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу  багытындагы иш-чаралардын тизмегиндеги

1. Сергек жашоо образын жайылтуу боюнча

Чет-тилдер колледжинде “Дени сак студент-дени сак улут” темасында медицина адистери катышкан практикалык мастер-класс болуп өттү.

Өмүр сакчысы болгон, врач-гинеколог Садырова Калича к, студент кыздар үчүн пайдалуу маалыматтык жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө адис кыз-келиндердин саламаттыгы, жеке гигиена, туура кам көрүү жана алдын алуу чаралары тууралуу кеңири, түшүнүктүү маалыматтарды берди.Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун ачык берип, адис тараптан толук жана пайдалуу жоопторго ээ болушту. Мындан тышкары, врач туура жашоо образы, өз убагында текшерилип туруу жана ден соолукту сактоонун мааниси тууралуу маанилүү кеңештерди айтты. 

Бул жолугушуу студенттер үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу болду. Алар жаңы маалыматтарга ээ болуп, өз ден соолугуна жарандык жоопкерчилик менен мамиле кылуунун зарылдыгын дагы бир жолу түшүнүштү. Колледж администрациясы мындай түшүндүрүү иштерин мындан ары да уланта берерин белгиледи.