1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

53

“Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгы”

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-октябрдагы  №279 “Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааарекелик иш-чараларды өткөрүү” жөнүндөгү буйрутмага ылайык: 2025-жылдын 1-декабрынан 13-декабрына чейин “Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгы” аттуу 2-жумалык иш-чаралардын алкагында, 4-декабрь Чет-тилдер колледжинде Чет-тилдер ПЦКнын окутуучулары Бакирова. А, Шабаева Э, Бөрүбаева Г тарабынан  Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган.

1). Адабий окуулар жана драмалаштырылган көрүнүштөр

2). Айтматов чыгармаларынан мини-спектаклдер ийгиликтүү иш жүзүнө ашырылды. Англис тили адистигинин АТК-3-24, АТк-4-24, АТк-6-24, АТк-7-24 тайпаларынын  студенттери тарабынан Айтматовдун чыгармалары  “Кызыл жоолук жалжалым”, ”Караш-караш”, ”Бетмебет”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, ”Эрте келген турналар” боюнча сахналык көрүнүштөр аткарылып, Айтматовдун чыгармаларынын тарбиялык маанисин ачып бере алышты. Катышуучулар чыгармадагы каармандарга ылайык формаларды кийуугө аракет жасашып, көрүүчүлөргө жакшы маанапй тартуулашты. Айтматов жумалыгы студенттерге  көптөгөн  идеяларга, максаттарга жана маалыматтарга  бай жумалардан болду, себеби алар “Айтматов ааламы” жөнүндө  пайдалуу көптөгөн кызыктуу  маалыматтарды, чыгармалардын каармандары, алардын жашоо образдары жөнүндө  кенири маалыматтарды алышты. Студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинолордон узундулорду, ролдошкон оюндарды коюшуп, образга кирип, ошол жашоону жашап көрө  алышты жана эмоцияларын жашыра алышкан жок. Сахналык көрүнуштөрдөн сырткары  Ч.Айтматовдун чыгармаларына акындарыбыз тарабынан арналып жазылган музыкалуу обондор жанырып, өткөрүлгөн иш-чара максатына жете алды. Студенттердин окууларына чыгармачылык ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, иш-чара соңуна чыкты.