1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

"Манас - жаштардын патриоттук жана маданий аң-сезимин калыптандыруучу булак"

Чет тилдер колледжинде 4-декабрдан, 12-декабрга чейинки жарыланган Манас жана Чынгыз жумалыгына ылайы "Манас - жаштардын патриоттук жана маданий аң-сезимин калыптандыруучу булак" - деген теманын астында интеллектуалдык оюн болуп өттү. Айкөл Манас атабызды даңазалаган иш-чарага англис тили жана кытай тили адистигинин студенттери активдүү катышышты. “Саяк” жана “Айкөл” командалары болуп 2 тайпага бөлүнгөн студенттер Манас тууралуу болгон билимин жана даярдыгын сынашты.

Оюнда, студенттер командаларынын аталыштарын чечмелешип, суроо–жооп этаптарынан өтүп, Манаска байланышкан макал-лакаптарды айтып, эпостон айткан үзүндүлөрүнө кийген улуттук кийимдери төп келип, кызыктуу оюн куруп беришти. Ар бир команда өзүнүн активдүүлүгүн, шамдагайлыгын, биримдигин жана чыгармачылыгын корсотушту. Иш-чаранын жүрүшү кызыктуу өтүп, студенттердин Манаска болгон кызыгуусу дагы да артты. Сынактын программасына ылайык, эки команда улуттук тамак-аш, суусундуктар, алардын жасалуу жолдору жана ден соолукка пайдасы тууралуу кенири жана пайдалуу маалыматтарды айтып беришти. Жыйынтыгында оюнга калыстык кылган калыстар тобу дагы катышуучуларга ийгиликтерди каалашып, жакшы маанайда тарашты жана мындай иш-чаралардын маани-маңызы студенттер учун абдан маанилуу экенин белгилеп өтүштү.