1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

«Жумшак көндүмдөр жана кесиптик компетенциялар: окутуучуларды методикалык колдоо»

Чет тилдер колледжинде мастер-класстардын планынын алкагында «Жумшак көндүмдөр жана кесиптик компетенциялар: студенттерди ийгиликке даярдоо» деген тема боюнча методикалык иш-чара өткөрүлдү. Мастер-классты окутуучулар Сабирбекова Б. жана Залимбекова Ж. алып барышты.

Иш-чаранын максаты — окутуучулардын жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча түшүнүгүн тереңдетүү, бул көндүмдөрдү сабак берүү процесси менен айкалыштыруу жана студенттердин компетенцияларын эффективдүү калыптандыруунун жолдорун талкуулоо болду.

Мастер-класс интерактивдүү түрдө өтүп, окутуучулар арасында жандуу пикир алышуу, идеялар менен бөлүшүү жана заманбап педагогикалык ыкмаларды талкуулоо жүргүзүлдү. Катышуучулар окутуудагы жумшак көндүмдөрдүн ролу, алардын студенттердин кесиптик даярдыгына тийгизген таасири боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.

Методикалык иш-чара окутуучулардын кесиптик өсүшүнө багытталган маанилүү платформа болуп, тажрыйба алмашууга жана педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.