1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

10

“Иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу”

Чет тилдер колледжинде иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда жолугушуу уюштурулду. Иш-чарада окуу планындагы вариативдик бөлүмү жана негизги билим берүү программасы анын структурасы жана талаптары талкууланып, студенттин компетенттүүлүк моделин калыптандыруу боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлдү.

Иш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгы боюнча өз сунуштарын айтып, биргеликте аткарыла турган иштер тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Бул жолугушуу колледж менен эмгек рыногунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана студенттердин сапаттуу адистикке ээ болушуна шарт түздү. Иш-чаранын соңунда иш берүүчүлөргө жана бүтүрүүчүлөргө активдүү катышуусу жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.