1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

17

1

“Жетекчи менен жарым саат”

ЖАМУнун чет тилдер колледжинде  "Жетекчи менен жарым саат"  долбоорунун кезектеги иш-чарасы уюштурулду. Кеченин коногу колледждин директору Батма Баймырзаева болду. Бул жолу студенттер менен "келечек, алдыга туура максат жана ийгилик" боюнча баарлашуу болду. 

“Долбоордун негизги максаты студенттер менен окутуучулар ортосунда баарлашуу уюштуруу болуп саналат. Мында студенттер конок болуп келген сыймыктуу агай-эжекелердин  ийгиликтерин угуп, суроолоруна жооп алышат. Бүгүнкү жолугушууда да студенттер адептүү, билимдүү, эмгекчил болууга, убакытты туура пайдаланууга жана келечекке туура максат коюга мотивациялык кеңештерди алышты. 

Бул долбоорго коноктор жалпы студенттердин сунушу боюнча чакырылат жана баарлашуу эркин форматта өтөт. Мындай иш-чаралар студенттердин лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, окуу жай менен жетекчилик ортосундагы алаканы чыңдоого чоң салым кошот.