1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

32

“Биз СПИДге каршыбыз!”

2025-жылдын 21-ноябрь күнү Чет тилдер колледжинин студенттери “Биз СПИДге каршыбыз!” деген аталыштагы тарбиялык-маалыматтык иш-чарага катышып келишти. Бул иш-чаранын негизги максаты – студенттердин ВИЧ/СПИД тууралуу билимин кеңейтүү, илдеттин жайылышын алдын алуу, коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө дарыгерлер ВИЧ/СПИД илдетинин келип чыгышы, жугуу жолдору, андан коргонуу чаралары жана медициналык колдоо тууралуу кеңири маалымат беришти. Алар атайын даярдалган презентациялар менен чыгып, студенттер үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү форматта баяндашты.

Иш-чаранын катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, дарыгерлерден жана адистерден так жана ишенимдүү жоопторду алышты. Мындан тышкары, ВИЧке байланышкан туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгаруу жана коомдогу стигманы азайтуу багытында да түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Колледждин студенттери бул иш-чарадан ВИЧ/СПИД илдетинин алдын алуу боюнча маанилүү маалымат алып, өз ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылуу керектигин дагы бир жолу түшүнүштү.

Бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын медициналык сабаттуулугуно жогорулатууга, туура маалымат алууга жана жооптуу чечимдерди кабыл алууга чоң салым кошот.