1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

33

АТА-ЭНЕ ЖАНА ОКУУ ЖАЙ

Чет-тилдер колледжинде 2-курс жана 3-курс студенттеринин ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ата-энелер чогулушу мектеп жана окуу жайларда көнүмүш салттардын бири болуп эсептелет. Келген ар бир ата-эне баласынын окуудагы жетишкендиктери, кемчиликтери жана катышуу. жетишүүсү боюнча кеңири маалыматтарды ала алышты. Мындан сырткары ар бир ата-эне үчүн АВН системасы жана аны колдонуу менен баланын жалпы окуу жайдагы абалын кандайча текшерип алууга болоору жөнүндө мастер класстар өткөрүлүп, көрсөтүлүп берилди. Ата-энелердин баласынын келечеги үчүн кайдыгер болбостон келип, жыйынга катышып, активдүүлүк көрсөткөнү сыймыктанаарлык иш.

Чогулушта төмөнкү маселелер боюнча сөз болду.

1. Студенттин жетишкендиктери

2. Тарбиялык иштердин жүрүшү

3. Колледж менен ата-энелердин кызматташуусу

4. Ар түрдүү маселелер.

Чогулуштун аягында келген ата-энелер балдарынын ийгиликтерине кубанып, ал эми кемчиликтеринин үстүндө чогуу иш алып алып барууга убадаларын беришти, ошондой өз сөздөрүндө ата-энелер окуу жайга жана мугалимдерге иштеринде ийгиликтерди каалашып,

чогулуш жылуу маанайда аяктады.