1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

34

ЖАМУнун жаштары - билимдүү коомдун жаратманы

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет тилдер колледжинде «ЖАМУнун жаштары - билимдүү коомдун жаратманы» аттуу ураандын алкагында жаштар жумалыгында белгиленген ишембилик өткөрүлдү. 

Ага окуу жайдын окутуучулары, студенттер катышып, бак-дарактардын жалбырактары, суу арыктарынын ичтери кошо тазаланды.  Ишембиликтин алкагында студенттерге мындан ары да жаратылышка аяр мамиле кылуу, айлана-чөйрөнү таза кармоо керектиги эскертилди. 

Белгилей кетсек, аталган окуу жайда тазалык акциялары байма-бай өткөрүлүп турат. Ал эми мындай иш-чаралар жаштарды тазалыка, ынтымакка жана экологияга аяр мамиле жасоого түрткү боло алат.