1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

33

“Little Red Riding Hood”

19-ноябрда чет тилдер колледжинде Атк-8-25 тайпасы үчүн англис тили сабагынан өзгөчө жана кызыктуу ачык сабак болуп өттү.

Ачык сабакты англис тили мугалими Калмаматова Сонун алып барып, студенттер менен биргеликте “Little Red Riding Hood” жомогун англис тилинде сахналаштырышты.

Сабактын негизги максаты — студенттердин англис тилиндеги сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүү, сөз байлыгын кеңейтүү, сахна аркылуу өз оюн ишенимдүү жеткирүүгө үйрөтүү жана чыгармачылыгын өнүктүрүү болуп эсептелет.

Студенттер жомоктогу каармандардын образдарын жандуу, эмоциялуу берип, англис тилинде сүйлөө жана актердук чеберчиликтерин мыкты деңгээлде көрсөтүштү.

Бул ачык сабак студенттердин тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырып, практикалык көндүмдөрүн бекемдеген маанилүү тажрыйба болду.